Тажик тарап Достук айылын кайрадан миномет менен аткылоодо
2022-жылдын 17-сентябрында саат 11:15ке карата тажик тарап Баткен районунун Достук айылын миномет менен аткылап жатат. Бул тууралуу КРнын Чек ара кызматынан кабарлады Тажик тарап айылга үч минометтук бөлүктөн ок чыгарган. КР УКМКнын Чек ара кызматынын Баткен облусунун аймагында жайгашкан бөлүктөрү душмандын чабуулунун мизин кайтарууда. Чек арадагы кырдаал курч бойдон калууда.
Скопируйте и вставьте этот URL на ваш сайт под управлением WordPress
Скопируйте и вставьте этот код на ваш сайт